Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Ош, Манас шаарларында аскер комиссариаттарынын үч кызматкери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура 13-ноябрда Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлеринин коштоосунда Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкерин кармаганын билдирди.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси - “Пара алуу” жана 343-беренеси - “Опузалап пара алуу” менен айып коюлду.

Башкы көзөмөл органы ушул тапта кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо максатында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Бирок шектүүлөр кимден опузалап пара талап кылганын жана кармалган аскерлер тууралуу кенен маалымат берген жок. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG