Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Ош аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөн үч аял айыпка жыгылды


Ош эл аралык аэропорту. Ош облустук Ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.
Ош эл аралык аэропорту. Ош облустук Ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгы Ош эл аралык аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөн үч аялга 20 миң сомдон айып пул салынганын билдирди.

Облустук милиция ушул тапта аба майданда Умра сапарынан кайткан зыяратчыларды тосуп алуу үчүн келген адамдар көп экенин, алардын арасында жүзүн толук жаап жүргөндөр видеокөзөмөл аркылуу аныкталып, айып салынып жатканын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

Буга чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салуу” беренеси менен никаб кийип жүргөн бир топ аялдар айыпка жыгылган.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG