Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Чүйдө таштандыдан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Чүйдүн Сокулук районунда жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүрүүгө шек саналып 23 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 12-ноябрда Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына Комсомольское айылындагы таштанды таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, Дорожная көчөсүндөгү таштанды челегинен ак баштыкка салынган ымыркайдын сөөгүн алышкан. Сөөк өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн сот-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында айылда убактылуу жашап жүргөн 23 жаштагы келин шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Кыргызстанда буга чейин да жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштап кеткен окуялар болгон. 2016-жылдан тартып таштанды балдар үчүн бэби-бокс (атайын куту) ачуу керек деген демилге көтөрүлүп, бирок ал ишке ашкан эмес.

Кыргызстанда өкмөт жаңы төрөлгөн баласын ар кандай жагдайдан улам бага албай жаткан аялдар үчүн ымыркайын таштабоого убактылуу шарт түзүү аракетин көрүп келет. Мисалы, Бишкектеги ата-энеси баш тарткан наристелер багылуучу Ымыркайлар үйүндө аялдарга оор кырдаалынан чыгып алганча баласынын жанында жашоого тийиштүү шарт бар. Мындай абалга туш болгон энелер атайын социалдык мекемелерге кайрылса болору, аларга социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам берилери айтылган.(BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG