Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Башкы прокурор кылмыштуу жол менен табылган мүлктү соттун чечими жок эле конфискация кылууну сунуштады


Максат Асаналиев.
Максат Асаналиев.

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү соттун чечими чыкканга чейин эле мамлекетке конфискация кылуу демилгесин көтөрдү. Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процесстик кодексине жана Граждандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документтин маалымкат-негиздемесинде кылмыштуу жол менен киреше тапкан айрым адамдар тергөөдөн жашырынып кетип, күбөлөргө басым жасап, далилдерди жок кылып же каза болуп калган учурда анын активдерин мамлекетке алуу мүмкүн болбой калып жатканы жазылган. Андан тышкары мыйзамсыз алынган мүлкүн жакындарына же тааныш-билиштерине каттатып койгон учурлар мисал кылынган.

Конституциянын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргызстанда менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт. Адам мүлкүнөн соттун чечими менен гана ажыратылат.

Максат Асаналиев конфискация соттун өкүмүнө көз каранды экенин, кылмышкерлердин байлыгы мамлекет үчүн жеткиликсиз болуп жатканын кошумчалаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдери мамлекетке өткөнүн билдирген. Анын ичинде коттеждер, кымбат баалуу клубдук үйлөр, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык люкс автоунаа, зер буюмдар жана башкалар бар. Анын айрымдары сатыкка коюлган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG