Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:05

Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын оңдоо аяктады


Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи. Архив.
Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи. Архив.

Энергетика министрлиги Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) №3 агрегатын, Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын реконструкциялоо иштери аяктап, тестирлөө жумуштары башталганын билдирди.

Токтогул ГЭСинде төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы жана №2 агрегат 2023-жылы №1 агрегаты 2024-жылы оңдоодон өткөн. Эми №3 агрегат иштеп баштаса ГЭСтин кубаттуулугу 1440 мВт көбөйөт. Буга чейин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мВт болчу.

Үч-Коргон ГЭСинде реконструкция иштери 2024-жылы башталып, биринчи гидроагрегат толугу менен алмашылып, 9 МВт кубаттуулук кошулган. Экинчи гидроагрегаты жаңыланып, дагы 9 МВТ кубаттуулук кошулду. ГЭСтин калган эки гидроагрегатын 2026-жылы реконструкциядан өткөрүү пландалууда. Жалпы төрт гидроагрегат алмашылгандан кийин ГЭСтин кубаттуулугуна 36 МВт кошулат.

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 110 млн доллар жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕФСД) бөлгөн 100 млн доллар каражаттын эсебинен ишке ашырылды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG