Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:03

Бишкектин Көк-Жар конушундагы алты гектар жер мамлекетке кайтарылды


Бишкек мэриясы мыйзамсыз деп тапкан курулуштарды буздуруу учуру. 2025-жылдын 5-августу.
Бишкек мэриясы мыйзамсыз деп тапкан курулуштарды буздуруу учуру. 2025-жылдын 5-августу.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбордун Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурунда базар баасы 150 миллион сомду түзгөн алты гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Шаардык милициянын маалыматына ылайык, Көк-Жардагы жер иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө айрым жарандар менен мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда туруктуу коррупциялык схема түзүлүп, Көк-Жардын аймагындагы 172-контурдагы айыл чарба жерлерин мыйзамсыз бөлүштүрүп, сатып жиберүү фактысы аныкталган.

Тергөөнү жыйынтыгында 14 адамга (М.К., Ж.Э., А.Н., А.Р., Ч.Э., А.Б., И.А., Т.М., Э.С., Д.К., Ж.У., С.Э., М.С. жана Б.А.) айып салынган. Анын ичинен алты киши өз ыктыяры менен жалпы аянты алты гектар жерди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берген.

Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Бузуу иши тургундардын каршылыгы менен коштолуп, талкуу жараткан. Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтып келишет.

2021-жылы апрелде жер мунапысы жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Анда ошол жылдын аягына чейин документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Жерди 2021-жылга чейин сатып алып, бирок үй тургузууга жетишпей калгандар бир эле жерде бир үй мыйзамдаштырылып, жанындагысы калып жатканын адилетсиздик деп аташкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен бир катар адамдарды кармаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG