Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңештин шайлоосуна талапкер болуп катталгандарга кайрылып, шайлоочулардын добушун сатып алуу, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү жана шайлоонун башка катышуучуларынын кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол берилбей турганын билдирди.
Ал шайлоо президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин, мамлекет башчысы шайлоонун адилет, ачык-айкын жана мыйзамдын чегинде өтүшүнө көңүл буруп жатканын кошумчалады.
“Бардык талапкерлерге жана алардын тарапташтарына эскертем, үгүт иштери мыйзамдын алкагында, шайлоочуларга жана атаандаштарга болгон сый-урмат менен жүргүзүлүшү зарыл. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга чейинки катуу чаралар көрүлөт. Кол тийгис адамдар жок. Баары мыйзам алдында бирдей”, - деди Тынчтыкбек Шайназаров.
10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (BTo)
Шерине