Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Түркияда магнитудасы 6,1 жер титирөө болду


Түркия Хатай. 2023-жыл. (архивдик сүрөт)
Түркия Хатай. 2023-жыл. (архивдик сүрөт)

Балыкесир провинциясындагы Сындыргы районунда 22:48де болгон жер титирөөнүн күчү 6,1 магнитуданы түзгөн.

Бул тууралуу Анадолу мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар башкармалыгынын сайтындагы маалыматта күчү 6,1 магнитуданы түзгөн жер титирөө катталганы жазылган.

Жер титирөөнүн күчү Мармар жана Эгей аймагындагы калктуу конуштарда, Стамбул жана Измирде сезилди. Силкинүү 5,99 км тереңдикте болгон.

2023-жылы 6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта да таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө дагы кайталанган. Түркияда 53 миңден ашык адам каза болгон. Сирияда зилзаладан 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG