Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Тажик-ооган чегинде атышуу болгону кабарланды


Тажикстан менен Ооганстандын чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болду.

Атышуу 25-октябрда Бадахшандын ооган тарабындагы Шахрибузург провинциясынын Даванг уездинин айылында болгон. Бул тууралуу оогандардын Hasht-e Subh басылмасы булактарга таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, атышууда жарадар болуп, каза тапкандар бар. Алардын так саны белгисиз.

Булактардын маалыматында чыр тажик-ооган чек арасын бойлоп аккан Пяндж (Амударыянын жогору жагы) дарыясынын нугун бурууга байланыштуу чыккан.

Пяндждын кумунда алтын болгондуктан акыркы жылдары анын оогандар байырлаган жээгинде аны казып алуу иши кызыган. 2021-жылы "Талибандын" бийликке келиши менен жашоочулардан тышкары бул ишке кытай компаниялары да кошулган.

Басылма кагылышуу кытай компаниялары алтын казып жаткан аймакта болгонун билдирди.

Жергиликтүү булактар алтын казган компаниялар дарыянын нугун өзгөртүү менен тажик тарапты нааразы кылган. Алар бул суу тартыштыгына себеп болуп, чек аралаш аймактарды сел капташы мүмкүн деп чочулашат.

Тажик-ооган чегинде бир ай ичинде экинчи жолу куралдуу кагылышуу болду. Биринчиси ушул жылдын август айында Шахрибузург районунда болуп, бир жоочу каза таап, төртөө жараат алган. Анда да кагылышууга алтын казган компаниянын иши себепкер болгону айтылган. Азырынча "Талибан" дагы, Тажикстандын бийлиги дагы окуя тууралуу расмий комментарий бере элек. Жаңы кагылышуу "Талибан" кыймылынын делегациясы Дүйшөмбүгө барган учурга туура келди.

Шерине

XS
SM
MD
LG