Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:21

Орусиянын Киевге соккусунан үч киши каза болуп, 30дан ашыгы жараат алды


26-октябрдын түнүндө Киевге орусиялык дрондор урган соккудан үч киши каза болуп, 30дан ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу шаар мэри Виталий Кличко билдирди.

Деснянский районунда дрондун сыныктары тогуз кабаттуу үйгө тийип, экинчи кабатынан өрт тутанган.

Ушул эле райондогу дагы бир турак үйдүн терезелери күбүлүп калган. Ал эми Оболонский районунда дагы дрондун калдыктары 16 кабаттуу үйдүн үстүнө түшкөн, бирок өрт же башка зыян катталган эмес.

25-октябрдагы Киевге жасалган сокку маалында Украинанын ири фармацевтикалык дистрибьюторлорунун бири - “Оптима-Фарм” компаниясынын кампа комплекси жана кеңсеси жабыркады. Зыяндын көлөмү 100 миллион доллар деп бааланууда.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматында, 26-октябрга караган түнү Орусия Украинага 101 дрон учурган. “Алардын 90у атып түшүрүлдү же бөгөттөлдү, бирок төрт жерде беш дрон таамай тийди”, - деп аба күчтөрү билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулдун кесепеттери тууралуу видео жарыялады. Ал Телеграм каналында: “Орусиянын ар бир соккусу – кадимки жашоого мүмкүн болушунча көп зыян келтирүүгө аракет”, - деп жазды.

Зеленский кошумчалагандай, акыркы аптада Орусия Украинага ар кандай түрдөгү миңдеген сокку урган, “1200гө жакын согуштук дрон, 1360тан ашуун алыстан башкарылуучу авиабомба жана 50дөн көп ракетанын түрдүү моделдери колдонулган”.

Шерине

XS
SM
MD
LG