АКШ президенти Дональд Трамп, Путин менен жолугушуу Украина боюнча тынчтык келишимине жетишүүгө алып келсе гана бул кадамга барарын билдирди.
Трамп бул тууралуу Түштүк-Чыгыш Азияга президенттин Air Force One учагында кетип баратканда журналисттерге айткан. "Убактымды текке кетиргим келбейт" деген ал.
АКШ лидери келаткан бейшембиде Украинадагы согушту жана аны токтотууну Орусияга таасир этүүнү Кытайдын лидери Си Цзинпин менен жолукканда талкууларын белгилеген. Трамп Кытай менен Орусиядан алып жаткан мунай көлөмүн чектөөнү сүйлөшөрүн билдирди.
Трамп Түштүк-Чыгыш Азияга баратканда Катарда токтоп, учак бортунда бул өлкөнүн эмири Тамим бин Хамад Аль-Таниге жана премьер-министрине жолукту. Анда Газанын келечеги талкууланды. Катар ок атууну токтотуу келишимине жетишүүдө ортомчу болгон өлкөлөрдүн бири.
Трамп Газадагы тартипти сактоо үчүн Эл аралык күчтөрдүн катышуусу тууралуу да тема талкууланганын баса белгилеп, зарыл болсо АКШ бул миссияга катышууга даяр экенин билдирди.
Өткөн аптада Трамп Орусиянын президенти менен Будапештте жолугушуусу болбой калганын жарыялаган.
Орусия Украинадагы согушту азыркы чегинде токтотуу сунушун четке каккандан кийин АКШ ири эки орус мунай компаниясына санкция салган. Путиндин атайын чабарманы Кирилл Дмитриев чыр-чатакты дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүнчүлүгү жакындап калганын билдирүүдө.(KS)
Шерине