Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдө 17-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп менен өткөн жолугушуусунда украин тарап үмүттөнгөндөй Кошмо Штаттардан "Томагавк" ракеталарын алуу тууралуу конкреттүү сөз же чечим болгон жок.
Зеленскийдин айтымында, жолугушууда Украинага абадан коргонуу каражаттарын берүү маселеси талкууланды, тараптар бул жаатта чогуу иштеп жатышат. Ал эми алыска атуучу курал тууралуу эки президент, Зеленский белгилегендей, сүйлөшпөөнү чечишти, анткени "АКШ эскалация болушун каалабайт".
"Орусия, менимче, "Томагавктардан" аябай эле коркуп жатат", - деген украин президенти орустар бул ракетанын өзүнөн эмес, Украинада жасалуучу курал менен чогуу колдонулушунан чочулоодо.
Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу эки сааттан ашык убакыт уланды.
АКШ президенти өзүнүн Truth социалдык түйүнүнө жолугушуу абдан кызыктуу жана жылуу маанайда өткөнүн жазды:
"Бирок мен ага Путинге айткандай эле адамдардын өлүмүн токтотуп, КЕЛИШИМ түзүүгө убакыт келип жеткенин айттым. Алар азыркы жетишкенинен токтошу керек".
Зеленский өз кезегинде Трамптын айтканына макул экенин белгилеп:
"Бирок биз маселе Путинде экенин түшүнүп эле турабыз да. Бул согушту биз баштаган жокпуз", - деди жана Украинага тынчтык алып келе турган кандай гана сүйлөшүү болбосун, даяр экендигин кошумчалады. (RK)
Шерине