Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Amnesty International Махабат Тажибек кызын бошотууга чакырган петиция жарыялады


Махабат Тажибек кызы соттук отурумга алып келинген учуру. Архивдик сүрөт.
Махабат Тажибек кызы соттук отурумга алып келинген учуру. Архивдик сүрөт.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанда абакта отурган журналист Махабат Тажибек кызын бошотуп, ишин кайра кароого чакырган петиция жарыялады.

Анда журналист жетектеген өлкөдөгү белгилүү иликтөөчү маалымат каражаты коррупциялык фактылар тууралуу жазганы, мындан улам ал чоң тобокелчилик менен иштегени белгиленген.

Быйыл апрель айында БУУнун негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренелерин бузганын белгилеген.

Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана буга чейин кызматташкан 11 журналист жана активист 2024-жылы январь айында кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Кийин жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулган.

Абакка кесилгендердин бири акын жана журналист Азамат Ишенбеков президент Садыр Жапаровдун ырайымына ылайык, 2025-жылы апрелде абактан бошотулуп, эркиндикке чыккан. Алты жылга кесилген журналист Махабат Тажибек кызы ушул тапта абакта жатат.

Быйыл апрелде Amnesty International уюмунун Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баяндамасы жарык көрүп, анда Кыргызстанда жарандык коомго, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана укук коргоочуларга кысым күчөгөнү белгиленген.

Эл аралык уюм таянган укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2024-жылдын тогуз айынын ичинде эле прокуратура журналисттерге, жарандык активисттерге жана блогерлерге каршы 71ден ашык кылмыш ишин козгогон. Көп учурда "улут аралык кастыкты козутуу", "массалык башаламандыкка чакыруу", "конституциялык түзүлүшкө шек келтирүү" беренелери колдонулган. Укук коргоочулар бул иштердин көбү бийликти, коррупцияны, укук бузууларды жана социалдык адилетсиздикти сындаган материалдар менен байланыштуу болгонун белгилешет. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG