“Адилет” укуктук клиникасы президенттик администрациянын өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбооруна талдоо жүргүзүп, корутундусун жарыялады. Уюмдун 16-октябрдагы билдирүүсүндө бул мыйзам долбоору кабыл алынса Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келери жазылган.
Талдоодо келтирилгендей, Кыргызстан 2010-жылы Жарандык жана саясий укуктар пактынын Экинчи факультативдик протоколун кабыл алуу менен өлүм жазасын киргизүүдөн толук баш тарткан. Ошондой эле эл аралык келишимдер жөнүндөгү "Вена конвенциясына" ылайык, Кыргызстан бул келишимден чыгуу ниетин 12 ай мурун билдириши керек жана бул боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөрдөн мурда келишимден чыгуу жол-жоболорун аткарышы шарт.
Уюм долбоордо сунушталган нормалар өлүм жазасына тартыла турган кылмыштын түрлөрү кеңири мааниде колдонулуп калышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.
“Бул өлүм жазасынын өзгөчө жагдайлар болбогон учурларда да колдонулушуна алып келиши мүмкүн. Бул гуманизм принциптерине, жазанын ылайыктуулугуна жана адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга туура келбейт”, - деп жазылган баяндамада.
Уюм дүйнөлүк практикада өлүм жазасын киргизүү кылмыштуулукту азайтууда оң жыйынтык берген чара эмес экенин, анын колдонулушу адилеттүүлүккө доо кетириши мүмкүндүгүн белгилеген. Анын ордуна системанын эффективдүү иштешин камсыздап, укук коргоо органдары менен сот системасынын ишмердигин күчөтүүнү сунуштаган.
Азыркы мыйзам боюнча оор кылмыштарга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралганы жетиштүү чара экенин белгилеп, сексуалдык зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүдө тергөөнү жакшыртуу, жабырлануучунун коопсуздугун бекемдөө, укук коргоо органдарынын даярдыгын жакшыртуу сыяктуу жабыркаган тарапты колдоого багытталган комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү сунушталган.
Мунун алдында адам укуктары жаатында иш алып барган эл аралык жети уюм кыргыз бийлигинин өлкөдө өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгесин кескин айыптаган билдирүү тараткан.
27-сентябрда Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү. 13-октябрда Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документти өлкө президентинин администрациясы иштеп чыккан.
Долбоордо Конституциянын 25-беренесине жаңы норма киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, ар бир адамдын жашоо укугу ажыратылгыс деп белгиленгени менен өлүм жазасы балдарды зордуктоо жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн мыйзам менен белгилениши мүмкүн.
Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.
Шерине