Ысык-Көл облусунун Түп районундагы мыйзамсыз пайдаланылган чоң аянттагы айыл чарба жерлери аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Түп айыл аймагындагы жерлерди пайдалануунун абалын комплекстүү текшерүү учурунда тиешелүү каттоосу жок бир топ жер тилкеси аныкталды. УКМК белгилегендей, талапка ылайык каттоосу жок болгонуна карабастан ал жерлерди колунда тийиштүү документи жок, жергиликтүү бийлик менен келишип алган адамдар иштетип жүрүшкөн.
Мындай жагдай жыл сайын жазгы талаа жумуштарынын башталышында “жер мафиясынын” көрүнүшү катары калктын нааразычылыгын жаратып келген.
Көрүлгөн чаралардын алкагында 2319 гектар жер үлүштөрүн мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталган. Анын ичинен 1876,47 гектары сугат айдоо жери, 442,69 гектары кайракы жери болуп саналат.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган жалпы аянты 2319 га жер тилкелери Түп районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинен каттоого алынып, Түп айыл аймагынын балансына өткөрүлдү.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле башка ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттердин фактыларын аныктоо иштери жүрүп жатат.
Атайын кызмат жана Башкы прокуратура буга чейин да өлкөнүн ар кайсы аймактарында мыйзамсыз менчикке чыгарылып кеткен имараттар, жер тилкелери жана башка объектилер мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтарды берген. (ErN)
Шерине