Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

ТИМ: Орусиянын "кара тизмесинде" 75 миңдей кыргызстандык калды


Орусиядагы мигранттарды текшерүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттарды текшерүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядан чыгып кетиши керек делген 770 миң мигранттын 75 миңдейи кыргызстандыктар. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен (ТИМ) билдиришти.

“770 миң мигрант өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш экенин” Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин айтып чыкканы тууралуу маалымат орус парламентинин сайтына 13-октябрда жарыяланган.

ТИМ “Азаттыктын” мына ушул маселеге байланыштуу суроосуна жооп жөнөтүп, Орусияда мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген 40 миңге жакын кыргызстандык Орусиянын аймагынан чыкпай туруп өзүнүн бул өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырганын маалымдады. Ал эми 84 миңге жакын кыргыз жараны өз алдынча чыгып кеткендигине байланыштуу аталган реестрден чыгарылганын кабарлады.

Сентябрдын башында “кара тизмедеги” кыргызстандыктардын саны 85 миң болсо, сентябрдын ортолорунда бул сан 73 миңге чейин азайган. Кийин эрежелерди бузган башка кыргызстандыктардын эсебинен көрсөткүч кайра көбөйгөн.

"Жалпысынан алганда, реестрди “жандуу” механизм деп айтууга болот. Анткени ал баарын автоматтык түрдө талдайт. Мисалы, эгерде чет өлкөлүк жарандын Орусияда болуу мөөнөтү (миграциялык каттоосу) бүгүн аяктаса, ал автоматтык түрдө көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилет. Аталган 770 миң чет өлкөлүк жарандын ичинен 75 миңи Кыргызстандын жараны. Алар эми Орусиянын аймагынан чыгып кетиши керек", – деп айтылды Кыргызстанды ТИМинин маалыматында.

Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылып, ал да аягына чыкты. Андан бери укуктук абалын жөнгө салбаган мигранттар өлкөдөн чыгарыла баштады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG