Эл аралык энергетикалык агенттиктин соңку баяндамасына ылайык, украиналык учкучсуз учактардын орусиялык объектилерге жасаган соккуларынын айынан Орусиянын мунай заводдорундагы мунай иштетүү көлөмүнүн азайышы жок эле дегенде келерки жылдын ортосуна чейин уланат. Бул тууралуу шейшемби күнү Bloomberg агенттиги билдирди.
Киев Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына, анын ичинде мунай иштетүүчү заводдорго, куурларга жана деңиз терминалдарына чабуулдарын күчөтүп, Кремлдин бул тармактагы кирешесин кыскартууну жана фронтко күйүүчү май жеткирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөнү көздөп келатканы белгиленди.
Быйыл августтун башынан бери, Bloomberg жазгандай, Украина Орусиянын негизги мунай иштетүүчү заводдоруна кеминде 28 жолу сокку урду. Бул бир катар аймактарда, анын ичинде аннексияланган Крымда бензин тартыштыгына алып келди жана Кремлди жылдын аягына чейин күйүүчү майдын экспортуна чектөө киргизүүгө мажбурлады.
Шерине