Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Зеленский 17-октябрда Вашингтондо Трампка жолугарын билдирди


Трамп менен Зеленскийдин буга чейинки жолугушуусу
Трамп менен Зеленскийдин буга чейинки жолугушуусу

Украин президенти Владимир Зеленский 17-октябрда Вашингтонго барып, АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушарын билдирди.

Reuters агенттигинин жазышынча, бул жолугушууда Зеленский Трамп менен Украинанын абадан коргонуу системасын күчтөндүрүү жана узак аралыкка атуучу курал-жарактарды алуу маселесин талкуулайт.

Буга чейин “Томагавк” канаттуу ракеталары боюнча сөз болуп жаткан. Трамп эгерде Орусия ок атууну токтотпосо мындай ракеталарды Украинага бериши мүмкүн экенин кыйыткан. Ак үй азырынча Зеленскийдин сапары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Бирок Financial Times басылмасы өз булактарына таянып, сапарга даярдык көрүлүп жатканын кабарлаган. Соңку күндөрү Трамп менен Зеленский телефондон эки ирет сүйлөштү.

Жума күнү Владимир Зеленский журналисттерге АКШ президенти менен телефондон сүйлөшкөндө Орусияны ок атууну токтотуу үчүн Украинага канча америкалык "Томагавк" ракеталары керек деген пикири менен бөлүшкөнүн айткан.

Буга чейин Орусия бир нече жолу Украинага узак аралыкка жетүүчү ракетанын берилиши боюнча тынчсыздануусун билдирген. Бирок орус президенти Владимир Путин мындай кадам “согуштун жүрүшүн өзгөртпөй” турганын билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG