Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Трамп жана ортомчу өлкөлөрдүн лидерлери Газадагы тынчтык декларациясына кол коюшту


Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында өткөн саммитте Газа жана Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу боюнча декларацияга кол коюлду. Бул документке Израил менен ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп табылган) ортосундагы келишимге ортомчулук кылган АКШ, Катар, Египет жана Түркиянын лидерлерлери кол коюшту.

Газадагы согуштун аякташына арналган Тынчтык саммитинде АКШ баш болгон жыйырмага жакын өлкөнүн лидерлери катышты. Алардын арасында Германия, Британия, Франция, Түркия, Азербайжан жана бир катар Араб жана Европа өлкөлөрүнүн жетекчилери бар. Орусия бул саммитке чакырылган эмес.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жыйынга чакыруу алып, бирок еврейлердин Симхат Тор деп аталган майрамына шылтап, саммитке барган жок. Палестинанын жетекчиси Махмуд Аббас жыйынга катышты.

Кошмо Штаттардын президенти Доналтд Трамп Тынчтык саммитине катышуу үчүн Египетке Израилден келди. 13-октябрда ХАМАС туткунга алган 20 еврей жаранды, ал Израилдин түрмөсүндөгү жүздөгөн палестиналыктар өткөрүлүп берилген.

Шарм-эш-Шейхдеги саммитке Египет жана АКШ президенттери төрагалык кылышты. Жыйындагы сөзүндө Трамп акыркы келишимди тарыхый деп атап, “акыр-аягы Жакынкы Чыгышта тынчтык орноду” деп билдирди. Ал “Үчүнчү дүйнөлүк согуш Жакынкы Чыгышта чыгат деп келишкен, эми ал нерсе болбойт”-деп ишендирди.

АКШ президенти Газаны калыбына келтирүү иши башталарын кошумчалады.

Ал эми Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси болсо Газа боюнча келишим “адамзат тарыхындагы оорулуу бөлүмдү жаап, тынчтык жана туруктуулуктун жаңы доорун ачып жатат”-деп билдирди. Ал Газаны калыбына келтирүү боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү пландап жатканын да маалымдады.

Израил менен ХАМАС тобу ок атууну токтотуп, эки жылдан бери куралчан топ кармап турган барымтадагыларды бошотуу жана Газадагы бир катар позициялардан израилдик аскерлерди чыгарууга келишимине келген. Бирок азырынча Газа тилкесин ким башкарат, ХАМАС курал-жарагын толугу менен таштайбы жана Палестинанын башка аймактары боюнча бир катар суроолорго так жооп жок.

Буга чейин жарыялаган АКШ президенти Дональл Трамптын планы боюнча ХАМАС толугу менен курал-жарактан арылса, Газаны саясатка аралашпаган технократтардан куралган убактылуу өкмөт башкарышы керек болчу. Бул түзүмдү АКШ жана бир катар Араб өлкөлөрү түзгөн Эл аралык турукташтыруу күчтөрү колдоо алмак. Бирок Израил да, ХАМАС да Трамптын тынчтык планынын бардык пунктарын аткарууга макулдугун билдире элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG