Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Милиция Ак-Ордодо эки адамдын өлүмүнө шектүү качуу учурунда өлтүрүлгөнүн кабарлады


Шектүү буга чейинки тергөө маалында
Шектүү буга чейинки тергөө маалында

Ички иштер министрлиги Ак-Ордогу эки адамдын өлүмүнө шектүү жаран качууга аракет кылып, жок кылынганын кабарлады. Бул тууралуу 14-октябрда кабарлады. Маалыматка ылайык, 2006-жылы туулган шектүү бүгүн Кемин районундагы кылмышты жасоо жагдайларын көрсөтүү маалында качууга аракет кылган. Милиция “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамга ылайык шектүүгө карата кызматтык курал колдонулганын, анын кесепетинен ал каза болгонун билдирди. ИИМ кандай жагдайда оор кылмышка шектүү качып кеткенин кабарлаган жок.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, териштирүүнүн жыйынтыгы менен маалымат берилерин кошумчалады.

Ак-Ордо-3 конушунда эки бир тууганды мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 19 жаштагы адам 7-октябрда кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишинин айрым жагдайларын ачыктап, 34 жаштагы эркек кишиге 18, анын 38 жаштагы эжесине 11 жолу бычак сайылганы аныкталганын билдирген.

Бул тууралуу расмий маалымат чыга электе шектүүнү кармоо учурунда тартылган сүрөттөрү социалдык тармактарда тарап, интернет колдонуучулар ал буга чейин тараган видеодогу адамга окшош эмес экенин жазып чыгышкан.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 34 жаштагы маркумдун жубайы анын күйөөсүн жана кайнежесин өлтүргөн деген шек менен кармалган 19 жаштагы адамды тааныганын 8-октябрда айтып берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-октябрда аны 3-декабрга чейин камакка алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG