Алина Ийгиликова кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында туулуп-өскөн. Ата-энесинин тун кызы. Өзүнөн кийинки үч бир тууганына мыкты үлгү боло алган Алина тартипти бекем карманган кыз болуп чоңойду. Мектепте окуп жүргөндө эле ал ата-энесинин чакан бизнесин иштеткенге жардам берчү. Алардын азык-түлүк дүкөнүндө балмуздак жана борборазиялык өлкөлөрдүн тургундары тамшанып жеген белгилүү нан азыгы самсы жасап сатышар эле. Үй тиричилиги боюнча күнүмдүк түйшүк да Алинанын мойнунда болду.
Качандыр бир экологиянын тазалыгын көздөй турган олуттуу технологиялык стартаптын негиздөөчүсү болом деп ал кезде Алина, өзү айткандай, үч уктаса да түшүнө кирмек эмес.
"Аны менен англисче сүйлөшүүгө аракет кылчумун"
Алинанын англис тилин жакшыраак үйрөнө баштоосуна алардын айылына АКШдан Тынчтык корпусу аркылуу барып, коңшулаш жашап калган ыктыярчы менен таанышканы түрткү болгон. Апасы да, атасы да кызын колдоп, сүрөп турушкан.
"Ата-энем анын жанына барып сүйлөш, иштери кандай болуп жатканын англисче сурап көр деп калышар эле. Өзүм да аны менен сүйлөшүп турганга аракет кылчумун", — дейт Алина.
Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө жайкысын көптөгөн чет өлкөлөрдөн эс алуучулар агылып келет. Курорт сезонунда чет тилде сүйлөгөн туристтерди көл жээгинен көп кездештирсе болот. Алина англис тилдүү коноктор менен өз алдынча таанышып, тил үйрөнүп, алар менен кадимкидей сүйлөшкөнгө аракет кылып турчу.
Мектептин жогорку класстарын маектешибиз кыргыз-түрк лицейинде окуганы да анын англис тилин үйрөнүүсүнө жакшы өбөлгө болгон, анткени сабактардын айрымдары англисче өтчү.
"Англисче окутушчу, бирок андан да мыктыраак үйрөнүш үчүн мен окууну аяктагандан кийин экзаменге даярданып жүргөндө өз алдымча кошумча даярдана баштагам", — дейт Алина.
Мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатын алгандан кийин Алина Орусиянын Казан федералдык университетине тапшырат. Бирок жогорку билимди орус тилинде эмес, англисче — заманбап илим тилинде алууну эңсеп, аталган окуу жайдан чыгат.
Кызы Татарстандагы бул университеттен чыгып кеткенине ата-энеси капа болот. Бирок, ошого карабастан, кыз үйүнө кайтып, англис тилинде окута турган университеттерге тапшыруу үчүн экзамендерге даярдана баштайт. Документтерин дароо бир нече окуу жайга тапшырат. Акыры Түркиянын Кайсери шаарындагы Abdullah Gül University университетин тандап, башкаруу багыты боюнча бакалавриат программасын окуйт.
Кирешеси чектелүү болгон ата-энеси Алинага каржылык жактан жардам бере албагандыктан ал бөтөн эл, бөтөн жерде өз алдынча тиричилигин улантып кетиш үчүн официант, сатуучу болуп иштейт.
"Ошол жылдар мен үчүн оор болду. Каерден орун алып жашайм, эмне жейм, өзүмдү өзүм камсыздашым керек болду. Ата-энем мага жардам берейин десе чамасы чектелүү. Тапкан маянасы 250-300 доллар. Менден кийинки инилеримди, сиңдимди да багышы керек эле. Ошондуктан жоопкерчилик толук өзүмдө гана болду, — деп эскерүүдө маектешибиз.
Түркияда окуп жүрүп Алина студенттерге Европа өлкөлөрүндө окууга, тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берүүчү Erasmus программасынын стипендиясын утуп алып, Францияга жөнөйт. Франциянын Бретан шаарындагы Brest Business School окуу жайына өтүп, билим да алып, жашоосу кымбат Европада иштеп каражат табууга да жетишип жашаган.
Стартап идеянын жаралышы
Франциядагы окуу программасы аяктагандан кийин Алина Түркияга кайтып барып, ошол өлкөдөгү технологиялык стартапка орношот. Ал жактан Фади Тарек Селим аттуу инженер адис менен таанышат.
"Биз технологиялар тууралуу, алардын адамзатка жана планетага тийгизген таасири жөнүндө көп сүйлөшөр элек. Ишканалардын көпчүлүгү "сат да, таштап сал" деген принципти карманышат. Электрондук таштанды көп, аны эч ким кайра иштетпейт. Мен муну Чолпон-Атадан көп көрчүмүн — эски телефондор, техника таштанды арасында жатканын. Ошондо мага кызык боло баштады, балким, ар кайсы жакта жаткан мындай каражаттардын баарын кайра иштетсе болоттур деп".
Жаңы стартап идея байкоолордун негизинде өзүнөн өзү эле пайда болгон:
"Инженер кесиптештерибиздин бири музыка жаңырып жаткан чоң кулакчынын моюнуна илип койгондо биз анын үн чыгуучу бөлүгүн чечип, өзүнчө кылса эмнеге болбосун деп ойлой баштадык".
Алина менен Фадинин долбооруна Испанияда иштеген дизайнер кызыгуусун билдирип, ошентип, эл аралык топ түзүлөт. Жаш адистер жарактан чыккандан кийин табигый шартта чирип, өзү жок болуучу материалдардан, алмаштырылуучу компоненттерден кулакчын жасоо боюнча NewNorm деп аталган стартап баштап калышат.
"Модулдук кулакчындар. Жарактан чыгып, таштандыга ыргытылса 2 жылдан 10 жылга чейинки убакыт аралыгында чирип, жок болот. Биз ошондой материалдарды жасоо багытында иштейбиз. Биздин продукт — "сатып ал да, ыргытып ташта" деген түшүнүккө альтернатива болуп эсептелет. Коммерциялык аспекти да бар, бирок эң негизгиси— жаңы версияны сатып алууну таңуулабоо керек. Көптөгөн компаниялар эски моделдерди атайылап эле чектеп турушат. Биз андай кылгыбыз келбейт. Кардарлар буюм иштебей калса жаңысын сатып алып олтурбастан ичиндеги модулду гана алмаштырып, андан ары колдоно берсе болот, - дейт Алина.
Идеяны ишке ашыруу жолу өтө татаал болду. Команда өз долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн адегенде Литваны тандап алган. 2020-жылдын январында Алина Вильнюска көчүп барат, бирок коронавирустун айынан пландардын баары өзгөрүп кетет. Карантиндик чектөөлөргө байланыштуу долбоор канчалык иштеп кете алат болду экен деген суроо жаралат. Алина азыр ошол күндөрдү эстеп, эптеп жан багыш үчүн кошумча иш издештирүүгө аргасыз болгонун айтып берүүдө:
"Тандап отурганга шарт болгон жок, кайсы жумуш чыкса, ошого аракет кылдым: толук эмес жумуш күн шартында тил сабактарын берип жаттым, ошол эле учурда долбоорду да илгерилетүүгө аракеттендим".
Акыры мээнетинин акыбети кайтып, долбоор Google for Startups программасына кабыл алынат. Ошондон соң команда Лондондогу Bethnal Green Ventures венчур фондунан 110 миң фунт өлчөмүндө инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк алат да Англияга барат.
Азыркы тапта команда прототиптердин үстүнөн иштеп, жылдын аягына чейин бета-колдонуучулар менен тест жүргүзүүнү пландоодо.
"Өзүңдү уга бил"
Быйыл 11-октябрь, Кыздардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жалпы дүйнө жүзүндө кыздардын лидерлиги барган сайын көзгө илинерлик боло баштаганын, алар коомдогу оң өзгөрүүлөрдүн демилгечиси болуп жатканын белгиледи. Себеби алар ар кандай уюмдарды түзүп, демилге баштап, өз жамаатындагы орчундуу көйгөлөрдү чечүүнүн жолдорун активдүү издеп, аракет көрүп жатышат.
Мындай жол дайым эле оңой боло бербеси анык. Кыздар түрдүү кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга, түшүнбөстүккө, жада калса айыптоого дуушар болгон учурлар да жок эмес.
Чолпонаталык жаш адис, 28 жаштагы Алина Ийгиликова өз жөндөмүн, каалоосун, пландарын өзү каалагандай ишке ашырууга умтулган кыздарга кеңешин берип, төмөнкүлөргө токтолду:
— Эң негизгиси, өзүңөрдү таанып-билгиле, өзүңөрдү уккула. Биздин коомдо "Тигини карачы, ошондой болбойсуңбу" деп көп айтышат. Бирок сенин өзүңдүн жолуң, ийгилигиң кандай болорун жакшылап түшүнүп, аныктап алышың зарыл. Аныктап алганда ички кандайдыр бир таяныч пайда болот. Биз өзүбүздү башкалар менен салыштырбай коюу (айрыкча социалдык түйүндөрдө) дээрлик мүмкүн эмес заманда жашап жатабыз. Бирок көңүлдүн өзөгүн башкаларга эмес, өзүңө бур. Эгер анте албай, өзүңдү таба албай жатсаң, изден, аракет кылып баштап көр, сенин өзүңдүн көңүлүңө эмне төп келерин аныкта. Жаңы билим ал, жөндөмдөрдү үйрөн, моданы кубалабай, башкалардын пикиринен көз каранды болбой, өзүңдүн ыргагың менен жашап, алдыга жыл. Эгер мага он жыл мурда ушундай кеңеш беришсе чоң жардам болмок экен".
Фамилиясы да ийгилик тууралуу болгон Алина кандай гана болбосун, ийгиликке жетүүнүн жолу ар ким үчүн ар башка экенин белгилейт.
Шерине