Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:13

Путин күйүүчү май тартыштыгын жөнгө салчу жарлыкка кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин жекшембиде күйүүчү майдын баасын туруктуу кармоого байланыштуу жарлык чыгарды.

Энергетика министрлиги билдиргендей, бул чара өлкө ичинде бензин жана дизель майдын баасын туруктуу кармоо максатын көздөйт. Ал ички рынокко күйүүчү май жеткирүүнү экспортко караганда пайдалуу кылат деп болжолдонууда.

Орусиянын бир катар аймактарында жана аннексияланган Крымда соңку апталарда күйүүчү майдын жеткирилишинде көйгөйлөр болуп, баанын өсүшү байкалууда. Буга украиналык дрондордун соккуларынын кесепетинен мунайды кайра иштеткен заводдордун зыян тартып жатышы да себеп. Талдоочулардын соңку маалыматында, учурда мунайды кайра иштетүүчү заводдордо соңку учурда шаймандардын иштен чыгышы рекорддук чекке жетти.

РБК жазгандай, күйүүчү май үчүн демпфердик төлөмдүн мааниси мындай: өкмөт кайра иштетүүчү компанияларга субсидия төлөп, мунайчыларды бензин жана дизель майын экспортко эмес, ички рынокко чыгарууга кызыктырат. Эгер күйүүчү майды чет өлкөгө сатуу ички рынокко салыштырмалуу пайдалуураак болсо, бул механизм аркылуу бийлик мунай компанияларына экспорт менен ички баанын айырмасын төлөп берип, бааны туруктуу кармайт. Бирок эгер ички баалар белгилүү чектен жогоруласа, өкмөт бул төлөмдү токтотот.

Эми Путин кол койгон токтомго ылайык, бензин жана дизель май үчүн ички баалар белгиленген чектен жогорулаган учурда да демфердик төлөмдөр төлөнө берет. Мындайча айтканда, бийлик мунайчыларды күйүүчү майды чет өлкөгө эмес, ички рынокко сатууга кызыктырат. Мындай мораторий 1-октябрдан келерки жылдын 1-майына чейин иштейт.

Ошол эле токтом менен жайкы дизель менен авиациялык керосинди аралаштырып алынган дизель майы акцизден бошотулду. Энергетика министрлиги баса белгилегендей, өкмөттүн негизги максаты - орус жарандарына жана өнөр жайына күйүүчү майды үзгүлтүксүз берүү болуп турат.

Октябрдын башында маалым болгондой, украиналык дрондор мунайды кайра иштетүүчү заводдорго соккуларын көбөйткөн маалда Орусиянын танкердеги мунай экспорту акыркы бир жарым жылдагы эң жогорку чекке жеткен. Порттор да кубаттуулук чегине жакындап калганын, ал эми мунай кайра иштетүү 2022-жылдын жазынан берки эң төмөнкү чекке түшүп калганын Bloomberg жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG