Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Трамп ХАМАС туткундарды өткөрүп берүүгө даярдык көрүп жатканын кабарлады


Газа. 2025-жылдын 11-октябры.
Газа. 2025-жылдын 11-октябры.

ХАМАСтын (АКШ жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган топ) өкүлдөрү азыркы тапта АКШ президенти Дональд Трамптын Газада тынчтык орнотуу боюнча планы алкагында Израилге өткөрүп бериле турган туткундарды чогултуп, даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Трамп өзү 11-октябрда билдирди.

"Аларды чогултуп жатышат. Арасында кимиси каякта экенин саналуу гана адам билгендери бар экен", - деди ал.

Газа шаарына жүз миңдеген палестиналык кайтып барганы кабарланды.

Кошмо Штаттар атышпоо режимин көзөмөлдөө максатында Израилге 200 чакты аскерин жөнөтүүдө.

Трамптын ХАМАС да, Израил да макул болгон планында израилдик аскерлер Газадагы жайгашуусун өзгөртүп, буфердик зонага бармак. 10-октябрда Израил аскерлерин ошол зонага алып чыгып кеткенин билдирди.

9-октябрда кабыл алынган келишимге ылайык, туткундар 13-октябрь, саат 12ге чейин бошотулушу керек.

Биринчи этапта ХАМАС эки жылдан бери барымтада кармап отурган израилдик жарандардын калганын (20 киши) жана туткунда каза болгон дагы 28 кишинин сөөгүн өткөрүп бериши керек. Буга жооп катары Израил өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратып, түрмөлөрүндө кармап отурган 250дөй палестинди жана согуш башталгандан бери кармалган дагы 1700дөй палестинди бошотууга милдеттүү болот.

Трамптын Газада тынчтык орнотуу планынын кийинки этабы туткундардын бардыгы айырбашталгандан кийин талкууланат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG