Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Израил менен ХАМАС туткундарды бошотууну макулдашты


АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио президент Дональд Трампка Израил менен ХАМАС макулдашууга жетишкенин билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио президент Дональд Трампка Израил менен ХАМАС макулдашууга жетишкенин билдирди.

Израил жана ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу учурунда барымтага алынган израилдик жарандарды бошотуу боюнча макулдашууга келишти.

Бошотууга жооп катары Израил аскерлерин алдын ала макулдашылган чек ара сызыгына кайтарат.

Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп шаршембинин кечинде Truth Social тармагындагы баракчасында жазды.

“Мен сыймыктануу менен билдирем, Израил жана ХАМАС биздин тынчтык планын ишке ашыруунун биринчи этабына макул болушту. Бул бардык барымтадагылар жакын арада бошотулат дегенди билдирет. Израил аскерлерин эки тарап тең макулдашкан чек ара сызыгына чейин артка чакырат. Бул бекем, туруктуу жана түбөлүк тынчтыкка карай биринчи кадам”, - деп жазды президент Трамп.

Макулдашуунун чоо-жайы азырынча белгисиз. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС менен түзүлгөн келишим өкмөттүн атайын жыйынында бейшемби күнү бекитилиши керек экенин билдирди.

Ал бул келишимди “маанилүү бурулуш” деп атап, макулдашууга жетишүүгө жардам көрсөткөнү үчүн Дональд Трампка ыраазычылык билдирди.

Маалыматтарга караганда, бул келишимдин алкагында Израил түрмөлөрүнөн көп сандагы палестиндерди бошотушу күтүлүүдө.

Сентябрдын аягында президент Дональд Трамп сунуштаган тынчтык планына ылайык, ХАМАС Израил туткунга алган дээрлик эки миң палестиналыктын бошотулушуна жооп катары израилдик туткундарды эркиндикке чыгарышы керек. Учурда 48 израилдик туткундун тагдыры белгисиз бойдон калууда. Израилдин маалыматы боюнча алардын 20сы тирүү экени айтылат.

Планга ылайык, ошондой эле ХАМАС куралсыздандырылып, Газа секторундагы бийликтен четтетилиши керек. 4-октябрда уюм АКШнын тынчтык планындагы айрым пункттарга, анын ичинде туткундарды айырбаштоого жана Газаны башкарууга катышуудан баш тартууга макул экенин жарыялаган. Бирок уюм башка пункттар боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл экенин белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG