Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Бишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө жылдын аягына чейин тыюу салынды


Кыргызстан коммунисттик партиясынын өкүлдөрү. Бишкек. Архив.
Кыргызстан коммунисттик партиясынын өкүлдөрү. Бишкек. Архив.

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылып, шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, 30-сентябрда ушул эле райондун администрациясынын быйылкы жылдын 1-октябрынан 31-декабрга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот канааттандырган.

Райондук сот 2022-жылы март айында эле Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, Өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган.

Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатат.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын Конституцияда жазылган тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келишет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG