2-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо тууралуу маек курду.
Анда көп мандаттуу 30 округдун чек арасы кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн эмес, жергиликтүү бийликтердин сунушу жана Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен биргеликте аныкталганын билдирди. “Бул айылды тиги округга кошуп бергиле” деп чуркап жүргөн талапкерлер да бар экенин айткан президент мындай болбой турганын кошумчалады.
“Кайсы бир талапкердин эмес, жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасап жатабыз. Беш-алты айыл башка облустун же башка райондун округуна кошулуп калса андан трагедия жасаштын кереги жок. Бир эле Кыргызстанбыз. Кимдин кадыр-баркы жогору болсо, кайсы округдан койбосун, ал өтүп келет”, - деди Садыр Жапаров.
Боршайком 1-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу (30 округ) шайлоо округдарынын чек араларын бекиткен.
Айрымдар шайлоо округдары чачыранды, кээ бир жерлерде шайлоочулардын саны аз болуп калды деген сын-пикирлерди айтып жатышат.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (BTo)
Шерине