Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:13

Украинанын аймагы дрон жана ракета менен аткыланды


Украина.
Украина.

Орусия 1-октябрга караган түнү Украинанын аймагын 49 учкучсуз учак менен аткылаганын, алардын 44үн жок кылууга үлгүрүшкөнүн украин Куралдуу күчтөрү кабарлады.

Мындан тышкары «Искандар-М/KN-23» баллистикалык ракеталарынан төртөө жана «Оникс» ракетасынан бирөо учурулганы маалым болду.

«Ракеталардан бешөө жана согуштук дрондордон бирөө бутасына жеткени аныкталды», — деп билдиришти украин аскерлери.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана өзгөчө кырдаалдар мекемеси Харьков аймагы түндө баллистикалык ракеталар жана башкарылуучу авиабомбалар менен аткыланганын кабарлашкан.

Бир күн мурда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы Орусия учурган жанкечти дрондордун 32си атып түшүрүлгөнүн, ал эми ага чейинки түнү 595 дрон менен жапырт чабуул жасалганын, арасында реактивдүү учкучсуз учактар да болгонун билдирген.

Ал тапта Орусияда дагы бир мунай ишканасында өрт чыкканын социалдык түйүндөрдөгү айрым белгилүү каналдар жазып жатышат. Ярославль шаарынын аймагында жайгашкан "Ярославнефтеоргсинтез" мунайды кайра иштетүүчү заводу өрттөнүп жаткан сүрөттөр жарыяланууда. Бул ири ишкана "Славнефть" мунай компаниясынын курамына кирет жана ал Орусияда мунай продукциясын чыгаруучу алдыңкы ишканалардын бири. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG