Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:26

Айсулуунун өлүмү: Милиция кызматкерине кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө


Ички иштер министрлигинин имараты.
Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын иши боюнча милиция кызматкерине кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мекеме укук коргоо органынын кызматкери каза болгон өспүрүм кыздын туугандары менен сүйлөшүү учурунда негизсиз билдирүүлөрдү кылганын кабарлады. Бирок анын чоо-жайын жана кайсы кызматкер тууралуу сөз болуп жатканын ачыктаган жок.

“Айрым кызматкердин айткан сөздөрү жол берилгис болуп, чындыкка дал келбейт жана ички иштер министрлигинин расмий көз карашын чагылдырбайт. Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга жана кызматтык тартипке ылайык катуу чаралар көрүлөт”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына башкача айтканда Боом капчыгайына ыргытып жиберген.

Шектүү кылмышын жашыруу үчүн автоунаасын жууп-тазалап таштап кетип, уюлдук телефонун жана сим-картасын жок кылган. Аны ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жети-Өгүз райондук милициясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жашынып жүргөн жеринен кармаган.

Буга чейин бир нече жолу соттолгон 41 жаштагы шектүү ушул тапта Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Айсулуу Мукашеванын сөөгү 30-сентябрда айылында жерге берилди. Анын жакындары шектүүгө катуу жаза берүүнү талап кылып жатышат. Кыз кармалган адам менен мурда-кийин тааныш болгон эмес.

Кыргызстанда буга чейин да кыз-келиндер уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуялар болгон. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG