Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Боомдо сөөгү табылган 17 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалды


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө байланыштуу 41 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматы боюнча, 27-сентябрда Айсулуу Мукашеванын атасы кызы Каракол шаарына курбусунукуна кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып арыз менен кайрылган.

Бул факт Жети-Өгүз районундук ички иштер бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталган. Окуяга байланыштуу 41 жаштагы шектүү кармалып, камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен айып коюлду. Милиция тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, кыз зордукталып, өлтүрүлгөнү аныкталганын билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап, жакындары элден аны табууга жардам сурап кайрылган. (BTo)




Шерине

XS
SM
MD
LG