Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:00

Брюсселде үч өлкөнүн министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну талкуулады


Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 4 миллиард доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.
Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 4 миллиард доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

Брюсселде 25-26-сентябрь күндөрү Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери жолугуп, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады.

Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы бул министрлер деңгээлиндеги үчүнчү жолугушуу экенин билдирди.

"Жыйындын катышуучулары иштин илгерилеп жатканын, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун, айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин баалаган баштапкы документтерди талкуулады. Тараптар ушул жылдын октябрь-ноябрь айларына белгиленген улуттук жана трансчекаралык кеңешүүлөр тууралуу пикир алышты. Жыйын Дүйнөлүк банктын көмөгү менен өттү. Бул эл аралык финансылык институт үч өлкөнүн өтүнүчү менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун даярдоого көмөк көрсөтүп жатат",-деп жазылган билдирүүдө.

Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин Борбор Азиядагы үч өлкө биргелешип куруу чечими 2023-жылдын башында кабыл алынган. Ага ылайык, үч мамлекет биргелешкен ишкана түзөт, ал ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга, ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт деп чечилген. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Баштапкы эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Бул долбоорго башында 4 миллиард доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

Ушул айдын башында Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматовдун Камбар-Ата-1 ГЭСи сейсмологиялык жактан кооптуу аймакка курулуп жатканын билдирген. Энергетики министрлиги аны жокко чыгарып, кооптонууга негиз жок деп ынандырганга аракет кылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG