Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

Би-Би-Си: Тони Блэр Газанын согуштан кийинки өткөөл өкмөтүн жетектеши ыктымал


Тони Блэр.
Тони Блэр.

Би-Би-Си Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Тони Блэр Газа секторунун согуштан кийинки убактылуу өкмөтүн башкарышы мүмкүн экенин билдирди. Анын талапкерлигин АКШ колдоого алганын жазды.

“Планга ылайык, убактылуу өкмөт согуштан кийинки биринчи этапта секторго Бириккен Улуттар Уюмунун жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн колдоосу менен жардам берери, андан кийин башкаруу палестиндерге өтөрү каралган”,-деп билдирди Би-Би-Си.

Газанын келечеги тууралуу АКШ баштаган бир катар өлкөлөрдүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү бир канча убактан бери эле жүрүп келе жатат. Тони Блэр бул сүйлөшүүлөргө август айында кошулган.

Анын кеңсеси Тони Блэр өткөөл мезгилдеги өкмөттү жетектеп калса Газанын тургундары башка жакка көчүүсү тууралуу бир дагы сунушту колдобосун жарыялаган.

Тони Блэр 2007-жылы премьерликтен кеткенден кийин АКШ, Европа Биримдиги, Орусия жана БУУдан турган Жакынкы Чыгыш боюнча эл аралык төртиликтин атайын өкүлү болуп дайындалган. Ошол маалда ал негизинен Палестинанын экономикасынын өнүгүшүнө, эки мамлекет маселесин чечүү үчүн шарт түзүүгө басым жасап жүргөн.

Анын Газадагы убактылуу өкмөткө барышы тууралуу билдирүүлөр Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас бейшембиде БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында эки мамлекетти түзүүгө байланыштуу тынчтык планын ишке ашыруу үчүн Трамп баштаган дүйнө лидерлери менен кызматташууга даяр экенин жарыялагандан кийин чыккан.

Аббас анда сектордун болочоктогу жетекчилигине АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп тааныган ХАМАСтын аралашуусуна жол берилбесин билдирип, бул топтон курал-жарагын толук таштоону талап кылган.

Ушул айдын башында The Washington Post басылмасы АКШ Газа тилкесин бери дегенде 10 жылга көзөмөлгө алууну сунуштаганын тиешелүү документке шилтеме берип жазган.

АКШ президенти Дональд Трамп Газанын тургундарын башка жакка көчүрүү демилгесин бир нече жолу жарыялаган. Мындай сунушту араб мамлекеттери кескин сынга алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG