Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Bloomberg: НАТО Орусияга анын учактарын атып түшүрүүгө даяр экенин эскертти


Орусиялык МиГ-31 истребителдери. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиялык МиГ-31 истребителдери. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Британия, Франция жана Германиянын дипломаттары Москвага НАТОнун абадан коргонуу күчтөрү уюмга мүчө өлкөлөрдүн аба мейкиндигин бузган Орусиянын аскердик учактарын атып түшүрүүгө даяр экенин эскертти. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Бул багыттагы сүйлөшүү орусиялык МИГ-31 кыргын салуучу аскердик учагы 19-сентябрда Эстониянын аба мейкиндигин бузганына байланыштуу болгон.

Эстониянын Тышкы иштер министрлиги МиГ-31 кыргын салуучу үч учак Эстониянын аба мейкиндигине уруксатсыз кирип барып, ал жакта 12 мүнөт учканын билдирген. Аларга карата Балтика өлкөлөрүнүн жээгин көзөмөлдөгөн италиялык F-35 кыргын салуучу учактары абага көтөрүлгөнү маалымдалган.

Bloomberg жазгандай, орусиялык дипломат бул Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аннексияланган Крымга жасаган чабуулуна жооп экенин билдирген. Жолугушууда Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү орусиялык аскер командачылыгы Эстониянын аба мейкиндигин атайылап бузуп, учактардын учуусуна уруксат берген деген тыянакка келишти. Москва бул жерде мыйзам бузуу болбогонун айтып жатат.


Шерине

XS
SM
MD
LG