Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

АКШдагы кыргызстандык мигранттарга мыйзам бузбай, документин ала жүрүүсү керектиги эскертилди


АКШнын Чикаго шаарындагы мыйзамсыз мигранттарга каршы рейд. 9-сентябрь, 2025-жыл.
АКШнын Чикаго шаарындагы мыйзамсыз мигранттарга каршы рейд. 9-сентябрь, 2025-жыл.

Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу АКШнын федералдык иммиграция органдары Иллинойс штатында чет өлкөлүк жарандардын иммиграциялык статусун текшерүү боюнча масштабдуу операция жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылып, өзгөчө этият болууга жана мыйзамдарды так сактоого чакырды.

Консулдук жарандарды документтерин өзү менен ала жүрүүнү, иммиграциялык макамынын мөөнөтүн текшерүүнү эскертти. Ошондой эле котормосу жок, түшүнбөгөн документтерге кол койбоо, өзүнүн тек-жайын аныктаган суроолорго гана жооп берүү, адвокат менен кеңешүү сунушталды.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен Вашингтон шаарында жана Калифорния штатында рейддер болгон.

9-августта АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депортацияланган 25 кыргызстандык атайын каттам менен Бишкекке келген. Депортация тартибине ылайык, аларга Кошмо Штаттарга кирүүгө 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынган болушу ыктымал.

АКШдагы кыргызстандыктардын көбү Иллинойс штатында, азыр рейд жүрүп жаткан Чикаго шаарында жашайт. Расмий маалымат боюнча алардын саны 40 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтарда мындан көп экени айтылат.

Быйыл 20-январда АКШда Трамп президенттик кызматка киришкенден баштап мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер жүрүп, депортация күч алууда. Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.

Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жол менен гана баруу керектигин такай эскертет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG