Даниянын борбору Копенгагендин аэропорту дрон чабуулунан улам 22-сентябрдын кечинде ишин убактылуу токтотууга мажбур болду. Бул тууралуу Даниянын полициясы 23-сентябрдакабарлады.
Маалыматка караганда, кечээ аэропорттун аймагында "эки же үч дрон байкалган". Мындан улам аба майданы убактылуу ишин токтотуп, төрт сааттан кийин кайра иштеди.
Flightradar24 сайтындагы маалыматта Копенгагенге багыт алган 30дан ашуун учактар башка аэропортторго жиберилгени айтылат.
Бир катар каттамдар жокко чыгарылып, кээ бири кийинкиге калтырылган.
Норвегиянын башкалаасы Ослонун полициясы 22-сентябрдын кечинде Акерсхус чебинин аймагында дрон учурган Сингапурдун эки жаранын кармаганын жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти.
Буга байланыштуу Ослонун Гардермуэн аэропортунун аба мейкиндиги убактылуу жабылганын 23-сентябрда NRK мамлекеттик телекорпорациясында Avinor аба операторунун басма сөз катчысы билдирди. Аталган мекеме азыр аба майданы кайра иштеп жатканын билдирди. Бул эки мамлекеттеги окуялар бири-бири менен байланышы барбы, жокпу иликтенүүдө.
Акыркы эки аптада НАТО өлкөлөрү Орусияны эки ирет өзүнүн аба мейкиндигин бузду деп айыпташты.
10-сентябрда 20дай учкучсуз аппарат Польшанын аба мейкиндигине кирип келген. 19-сентябрда Эстония орусиялык истребителдер аба мейкиндигин бузганын жарыялаган.
Шерине