Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:20

Садыр Жапаров БУУнун саммитине катышуу үчүн Нью-Йоркко барат


Садыр Жапаров. БУУнун саммити. Архив сүрөт. 18-сентябрь, 2023-жыл.
Садыр Жапаров. БУУнун саммити. Архив сүрөт. 18-сентябрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 22-25-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн иш сапары менен АКШнын Нью-Йорк шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт. Уюмдун Коопсуздук кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарага катышат.

Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрөт.


Садыр Жапаров 2023-жылы 18-сентябрда Башкы Ассамблеянын 78-сессиясында сөз сүйлөп, мөңгүлөрдү сактоо маселесин көтөргөн.

2024-жылы климаттын өзгөрүшү, коопсуздук, чыр-чатактарды чечүү, өзөктүк куралдан арылуу маселелери каралып, Жапаров Кыргызстан "жашыл экономикага" өтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG