Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Израил Газа шаарында "мурда болуп көрбөгөндөй күч колдонорун" эскертти


Газа шаарынан чыгып кетип жаткан палестиналыктар. 19-сентябрь 2025-жыл.
Газа шаарынан чыгып кетип жаткан палестиналыктар. 19-сентябрь 2025-жыл.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) жума күнү Газа шаарында «мурда болуп көрбөгөндөй күч колдонорун» эскертип, тургундарды ал жерден кетүүгө үндөдү. Бир нече күндөн бери аскерлер тилкедеги эң ири калааны абадан бомбалап, танктардан аткылап келатат.

ЦАХАЛ шаарды хамасчылардан тазалоо жана барымтадагыларды бошотуу максатын койгонун айткан Газаны алуу операциясын дүйшөмбү күнү баштаган. БУУнун маалыматы боюнча, согушка чейин шаарда бир миллиондой киши жашачу. Израил августтун аягынан бери 480 миң киши шаардан чыгып кеткенин билдирди.

Жума күнү аскерлер 17-сентябрда 48 саатка ачкан өткөөл жабылды. Эми газалыктар түштүк тарапка деңиз боюндагы ал-Рашид жолу менен гана чыгып кете алат.

ЦАХАЛ гуманитардык чөлкөмдөр түзүлгөнүн айтканы менен анклавдын тургундары жана эл аралык уюмдар коопсуз жер калбаганын, качкындар лагерлери элге толуп калганын айтышат.

Гуманитардык уюмдар шаарды алуу операциясы ансыз да абал курчуп турган, азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жетпеген шаарды апаат коркунучуна кептейт деп тынчсызданууда.

Анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси согуш башталгандан бери набыт болгондордун саны 65 миң 141ге жеткенин 19-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, бир күндө анклавдагы ооруканалар 79 киши каза тапканын, 228 киши жараланганын кабарлашты. Ачкадан өлгөндөр да күн сайын катталууда.

Мындан эки жыл мурун, 7-октябрда АКШ жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАСтын согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20 чакты киши тирүү деп болжолдонууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG