Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Европа комиссиясы Орусияга каршы санкциялардын 19-пакетин макулдашты


Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен. Брюссел, 19-сентябрь 2025-жыл
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен. Брюссел, 19-сентябрь 2025-жыл

Европа комиссиясы Орусияга каршы санкциялардын 19-пакетин жактырды. Бул тууралуу жума күнү комиссиянын расмий өкүлү Паула Пиньо билдирди. Анын айтымында, төрайым Урсула фон дер Ляйен жана шаркеттин башкы дипломаты Кая Каллас кийинчерээк анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат бермекчи.

16-сентябрда фон дер Ляйен бул жолку пакетке банктар, энергетика жана криптовалюта тармактары кирерин билдирген. «Орусиянын мунай жана газдан киреше тапкан аскердик экономикасы Украинадагы кан төгүүнү каржылап жатат. Буга чекит коюу үчүн комиссия орусиялык кара майдан бара-бара баш тартуу сунушун тездеттирүүнү сунуш кылат», - деп айткан.

Еврокомиссия Орусиядан чийки мунайды деңиз менен ташууга тыюу салып, орус мунайынын бир баррели 47,6 доллардан ашпоого тийиш деген чектөө киргизген. Буга чейин иштелип чыккан планда Орусиянын мунай-газынан 2028-жылдын 1-январынан баш тартуу каралган.

18-сентябрда Эстониянын бийлиги эмки жылдын 1-январынан тартып Орусиядан суюлтулган газ алууга тыюу саларын билдирди. Тышкы иштер министри Маргус Цахкнанын айтымында, Украинадагы согушту улантып жаткан Орусия өз амбицияларынан баш тарткан жок жана глобалдык коопсуздукка коркунуч жаратууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG