18-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча өкүм чыгарды. Судья Карасартованы ага коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен беш жылга пробациялык мөөнөт белгилеп, ал эми “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси боюнча 50 миң сом айып пул салуу чечимин чыгарды.
"Карасартованы тилкаттын негизинде эркиндикке чыгарышты. Бирок соттун чечимине макул эмеспиз жана жакын арада апелляциялык арыз менен кайрылабыз", — деди "Азаттыкка" анын адвокаты Жаныш Бараков.
Буга чейин прокурор укук коргоочуну 10 жылга абакка кесүүнү суранган.
Рита Карасартовадан тышкары бул ишке байланыштуу дагы үч адамга айып коюлган. Свердлов райондук сотунун судьясы аларга да ушундай эле чечим чыгарды. Азырынча алардын аты-жөнү коомчулукка жарыяланган жок.
Укук коргоочу 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болчу. Карасартова өзүнүн кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты социалдык тармактагы баракчасына жарыялаганы менен байланыштырат.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот жараяндары жабык өтүп келген.
Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келишкен.
Рита Карасартова буга чейин Кемпир-Абад ишине байланыштуу да камакка алынган. Бирок ал иш боюнча бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акталып, эркиндикке чыккан. (AiA)
Шерине