Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:31

"Клооп" мурдагы операторлору коюлган күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөдөн баш тартканын билдирди


Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов.
Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов.

“Клооп” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров 16-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн соттук отурумда тергөөдө коюлган күнөөнү мойнуна алган мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартышканын жазды. Алар коюлган кинени басымга кабылып жана “бошотобуз” деген убададан кийин аргасыз мойнуна алганын айтышканы кабарланды.

Соттук жараянда көрсөтмө берген Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) адвокаттары жок сурак беришкенин, мажбурлоо болгонун айтышкан.

“Ушул тапта мен күнөөнү мойнума албайм. Биринчи жолу, чынымды айтсам, коркконумдан мойнума алгам. Тергөө изоляторуна биринчи жолу түшкөм. Тергөө тарабынан да "мойнуңа алсаң эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгасың" деген сунуш болгон. Темир тор артына отуруп калуудан коркуп, мойнума алгам”, - деди Жоомарт Дуулатов.

“Клооптун” мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду УКМК быйыл 28-майда “жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар” деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондон бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатат.

28-29-май күндөрү Ошто жана Бишкекте “Клооптун” иштеп жаткан жана мурдагы төрт кызматкери жана алардын эки таанышы да кармалган. Баары суракка алынып, видео аркылуу кечирим сурагандан кийин коё берилген.

“Клооп” тергөөчүлөр медианын эсепчилерин жана кеңсе менежерин да суракка алып, техникалык кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым жабдыктарын жана каржылык документтерин алып кетишкенин маалымдаган.

20-июлда “Манас” аэропортунда “Клооптун” мурдагы фрилансери Кутман Каленов кармалып, УКМКда суракка алынгандан кийин коё берилгени кабарланган.

Басылманын бери дегенде төрт кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөн. Бул иште “Клооптун” мурдагы кызматкерлери Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров жана үй камагындагы эки эсепчи шектүү катары өтүп жатат.

30-майда УКМК билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жазган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну четке каккан.

Медианын иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлеринин кармалып, суракка алынып жатышын “Чек арасыз кабарчылар” (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар айыптап, кармалган кызматкерлерди боштондукка чыгарууга чакырышкан.

2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG