Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мектеп, коллеж, университеттерде кытай тилин окутуу үчүн Кытайдан 100дөн ашуун адистер менен ыктыярчыларды чакырууга тапшырма берди. Билим берүү жайларынан сырткары ар бир региондо "Өзбекстан-Кытай" окутуу борборлорун ачуу пландалууда.
Сентябрдын башында өзбек президентинин Кытайдагы мамлекеттик сапары маалында эки өлкө ортосунда 35 миллиард долларлык макулдашууларга кол коюлган.
Өзбекстандын мамлекеттик статистика комитети билдиргендей, август айында эле өлкөдө 170 жаңы кытай компаниясы катталды. Ошону менен Өзбекстанда катталган кытайлык компаниялардын саны 4400дөн ашып, жалпы чет элдик инвесторлордун төрттөн бирине жакынын түзөт.
Шерине