Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Быйыл Кыргызстанда сегиз айда жол кырсыгынан 540 адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы сегиз айында 5 393 жол кырсыгы катталып, андан 540 адам каза болуп, дагы 7 964 киши жаракат алды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,3% көп.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Айбек Жумагулов Жогорку Кенештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында айтты.

Ички иштер министрлиги айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ага ылайык, документи жок жана ичкилик ичип машине айдагандарды жети, мас болуп жол кырсыгына кабылса 20 күнгө чейин камакка алуу сунушталды.

Андан тышкары мыйзам долбоорунда айдоочулук күбөлүк албай туруп же таптакыр автоунаа башкарууга укугу жоктор мас болуп машине айдаса 10 күнгө камакка алуу каралган. Азыр ал жаза үч күндү түзөт.

Иштеп жаткан мыйзам боюнча мас абалында машине айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жазаны катаалдатып, мас айдоочуларды эки жылга, кийин ал жоругун дагы кайталаса төрт жылга күбөлүктөн ажыратууну сунуштоодо. Ошондой эле адамдын автоунаасы убактылуу алынат.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган. (BTo)

Дагы караңыз

Шерине

XS
SM
MD
LG