Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Жер титирөөдөн кийин Бишкекте курулуш объектилери текшерилди


Курулуш министрлиги тараткан сүрөт. 2025, сентябрь
Курулуш министрлиги тараткан сүрөт. 2025, сентябрь

Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөрдүн, социалдык объектилердин абалы жана негизи конструкциялары текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Текшерүүнү Курулуш башкармалыгынын, Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жүргүзгөн.

Натыйжада курулуп жаткан объектилерде кооптуу учур катталган эмес. Жарака же кандайдыр бир өзгөрүлгөн элементтер жок экени белгиленген.

12-сентябрда саат 13:57де Кыргызстандын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Төмөнкү Серафимовка айылынан 60 чакырым чыгышта, Тоолуу Маевка айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта, Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк-чыгышта катталганы белгиленген.

Бишкектин калктуу конуштарында силкинүүнүн күчү 4 баллга сезилген. (КЕ)


Шерине

XS
SM
MD
LG