8-сентябрда Непалда интернеттеги соцмедиа платформаларын блоктогон чечимге каршы митингдерге чыккан миңдеген жарандар күч органдары менен кагылыша кетип, 19 киши өлүп, 100дөн ашууну жараат алды. Айрым булактар жараат алгандар 400дөн ашканын жазышты. Шейшембиде Непалдын премьер министри жана ички иштер министри отставкага кеткени жарыяланды.
Facebook, Instagram, Tik Tok, Youtube жана бардыгы 26 популярдуу соцмедиа барактары Непалдын өкмөтү жарыялаган мөөнөттө өлкөнүн коммуникация министрлигинде каттоодон өтпөгөндөн кийин блоктолуп калган болчу. 4-сентябрдан тартып блоктолгон интернет булактарына WhatsApp, X да кирип калган.
Жашоосу, бизнеси токтоп калганын айтып, нааразылык демонстрацияларына чыккандардын көбү өзүлөрүн Z мууну атаган жаштар болду. Алар борбор шаар Катмандуда парламенттин дарбазасына чыгып, имаратты көздөй жулунганда тартип коргоо органдары жыгач союл, суу аткычтарды, резина окторду колдонууга аргасыз болгонун коммуникация министри билдирген.
Дүйшөмбүдө кечинде Непалдын бийликтери бул күнкү кандуу окуялар боюнча иликтөө баштаганын жарыялашты.
Шерине