Орусия Киев облусундагы жылуулук генерациясынын объектилеринин бирине жапырт сокку урду. Бул тууралуу 8-сентябрда Украинанын Энергетика министрлиги кабарлады.
"Бул Украинанын элине дагы кыйынчылык жаратуу, калкты, үйлөрдү, ооруканаларды, мектеп менен бакчаларды жарыксыз, жылуулуксуз калтыруу максатында жасалганы айдан ачык. Генерация объектилери, электр энергиясын бөлүштүрүү системалары, газ инфратүзүмү аскердик бутага кирбеши керек. Душмандар жарандык инфратүзүмгө сокку уруп жатканын ачык эле түшүнүп турат", - деп айтылат мекеме тараткан пресс-релизде.
Министрлик энергетиктер менен куткаруучулар соккунун кесепетин жоюуга аракет кылып жатканын билдирди. Аталган мекеме кайсыл ишкана орус армиясынын аткылоосуна туш болгонун ачыктаган жок.
Орусия соңку соккулар тууралуу комментарий бере элек.
7-сентябрга караган түнү орус армиясы ракеталар, жүздөгөн дрондор менен Украинага сокку урган. Төрт киши каза болуп, Киевдин борборунда жайгашкан Өкмөт үйү зыян тартты.
Бир катар Батыш лидерлери муну Орусия тынчтыкты каалабай турганынын дагы бир белгиси деп атады.
АКШ президентинин Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог да Орусиянын соккусуна ушундай эле баа берди.
Украина орус армиясы Киевде жылуулук өндүргөн ишканага сокку урганын кабарлады

Шерине