Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:57

Израил Газа шаарындагы соккуларын күчөттү


Газа.
Газа.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Газа шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу имараттардын бирине сокку урганын билдирди. Имарат толук талкаланганы маалымдалды.

Аскерлердин маалыматына караганда, бул жайды ХАМАС тобу (АКШ, Израил жана Европа Биримдиги террордук деп жарыялаган) израилдик аскерлерге каршы чабуулдарды уюштуруу максатында пайдаланып келген.

Имараттын ичинде чалгын пункттары, байкоо бекеттери бар экени, жертөлөсү буктурма катары колдонулуп келгени, тегерегине ХАМАС жардыргычтарды коюп кеткени, израил аскерлери чабуул коёр алдында жайкын тургундарды ал жактан чыгып кетүү керектигин эскерткени маалымдалды. Көп кабаттуу имарат соккуну эң даана урууга жөндөмдүү курал менен бутага алынды.

Abu Ali Express Телеграм-каналы бул имараттын айрым бөлүгү буга чейин эле талкаланганын жазды.

ЦАХАЛ жакында ХАМАС мина коюп кеткен башка да имараттарга сокку уруларын, мындай чара израилдик аскерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында көрүлуп жатканын маалымдады.

Палестин булактары Израилдин Газадагы соңку чабуулдарынан ондогон адамдын өмүрү кыйылганын, Зейтун районунда өтө көп кыйроо бар экенин жазып жатышат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG