Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резервдери 2025-жылдын сентябрынын башына карата 7 млрд 21,21 млн АКШ долларын түзүп, өлкө тарыхындагы эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Эл аралык резерв 2024-жылдын сентябрында 4,3 млрд доллар болчу. Быйыл январда 5,2 млрд долларга жеткен.
Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого, баалардын туруктуулугун колдоого, мамлекеттин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин тейлөөгө жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат.
Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат.
Кыргызстандын бийлиги 2021-жылы канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери анын алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып келет. (ErN)
Шерине