Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Зеленский Путин аны менен Киевге барып жолукса болорун айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү үчүн орус президенти Владимир Путин Киевге барса болорун айтты. 5-сентябрда америкалык ABC News телеканалына курган маегинде Зеленский:

"Ал (Владимир Путин. - Ред.) Киевге келсе болот. Өлкөм күн сайын ракеталык аткылоого, чабуулдарга кабылып жаткан чакта мен Москвага бара албайм. Мен ал террорчунун борбор калаасына бара албайм", - деп, муну Путин өзү да "билип турарын" кошумчалады.

Ошол эле күнү, бир аз мурдараак Путин Владивостокто өткөн Чыгыш экономика форумунда сүйлөп жатып Украина маселесин талкуулоо үчүн "эң жакшы жер" деп кайрадан Москваны атаган. Ал эгер Зеленский орус борбор калаасына барса коопсуздугуна 100% кепилдик берилерин айткан.

"Жүз пайыз кепилдик... Эгер биз менен кимдир бирөө жолуккусу келсе, биз даярбыз", - деген Путин Зеленский менен жолугушуу үчүн башка шаарларды сунуштоону "ашкере" деп атаган.

Украин президенти Путин аны менен көрүшкүсү да, согушту токтоткусу да келбей турганын, ал АКШ менен "ойноп" жатканын бир нече жолу белгилеген.

2-сентябрда Германиянын канцлери Фридрих Мерц Зеленский менен Путиндин бетме-бет сүйлөшүүсүн Женевада уюштурса болорун айткан.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига жолугушуу өткөрүү сунушун бергендердин арасында Австрия, Ватикан, Швейцария, Түркия жана Перс булуңундагы үч өлкө бар экенин 3-сентябрда Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG