Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Трамп Коргоо министрлигинин аталышын Согуш министрлиги деп өзгөрттү


Жарлыкка кол коюу учуру. Ак үй. 2025-жылдын 5-сентябры.
Жарлыкка кол коюу учуру. Ак үй. 2025-жылдын 5-сентябры.

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөнүн Коргоо министрлигинин (Пентагон) аталышын Согуш министрлиги деп өзгөрттү. Бул тууралуу жарлыкка кол коюу иш-чарасы 5-сентябрда өттү.

Мекеме башчысы Пит Хегсет министрликтин жана анын кызматынын аталышынын өзгөрүшү "куру сөз эмес, аскердик этика" экенин айтты.

Трамп Согуш министрлиги деген аталыш "дүйнөдөгү азыркы абалга" шайкеш келерин белгилеп, бул кадам Кошмо Штаттар менен эсептешпей коюу мүмкүн эместигин көрсөтүү экенин айтты.

Эми бул чечим Конгресстин колдоосун алышы зарыл. Ошол эле күнү республикачылар Майк Ли, Рик Скотт жана Грег Стьюб тийиштүү мыйзам долбоорун талкууга коюшту.

Трамптын сынчылары мындай демилге каражат жагынан алганда кымбатка турарын, сунуштун өзү "көңүлдү башкага бурдуруу" аракети экенин жазып чыгышты.

Министрликтин азыркы курамы 1947-жылы бекитилген, ага ошол кездеги Аскердик деңиз күчтөрү министрлиги, Жөө аскерлер министрлиги жана Аскердик аба күчтөрү министрлиги кирген. Жөө аскерлер жана аба күчтөрү мекемелери ага чейин 1789-жылы негизделген Согуш министрлиги деп аталчу.

1947-1949-жылдары министрлик Улуттук аскердик мекеме деп аталып турган, ал эми Коргоо министрлиги деген аталыш 1949-жылы берилген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG