Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

Зеленский: Батыштын миңдеген аскери Украинада жайгаштырылышы мүмкүн


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

5-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Ужгород шаарында сүйлөп жатып коопсуздук кепилдиктеринин алкагында Батыш өлкөлөрүнүн "миңдеген" аскерлери Украинанын аймагында жайгаштырылышы мүмкүн экенин билдирди.

"Алардын саны бир нечелеп эмес, миңдеп эсептелет. Бул факт. Бирок азырынча муну кенен талкуулоого эрте", — деди Зеленский.

Украин президенти мындай билдирүүсүн Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта менен биргелешкен маалымат жыйынында жасады.

Мунун алдында орус президенти Владимир Путин Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып эгер согуш жүрүп жатканда Батыш өлкөлөрү Украинага аскер жайгаштырса алар орус күчтөрүнүн бутасында болорун эскерткен.

"Эгер ал жакка айрым аскерлер жайгашса, айрыкча азыркы аскердик аракеттер маалында, биз аларды жок кылууну мыйзамдуу аскердик максат деп эсептейбиз",- деген Путин.

Путин ошондой эле эгерде узак мөөнөттүү тынчтыкка алып келүүчү чечимдер кабыл алынса, анда алардын Украинанын аймагында болушунун эч кандай мааниси жок деп эсептей турганын кошумчалаган.

Бейшембиде Парижде Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүүгө даяр 30га жакын өлкөнүн лидерлери чогулган. Саммит учурунда 26 өлкө коопсуздук кепилдиктерин сунуш кылган процесске кошуларын ырастап, бир нече өлкө өз позициясын тактап жатканын билдирди. Маалыматка караганда, коопсуздук кепилдиктеринин пакети дипломатиялык, каржылык жана аскердик элементтерди камтып, Украинанын коргонуу жөндөмүн чыңдоого багытталат.

Зеленский жана Европанын лидерлери орус президенти Владимир Путин согушту токтотууга кызыкдар эмес экенин айтып келишет. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG