Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Түркияда кыргызстандык жарандардын укуктарын коргоо маселеси талкууланды


Руслан Казакбаев жана Фахреттин Алтун. 5-сентябрь, 2025-жыл. (ТИМдин сүрөтү)
Руслан Казакбаев жана Фахреттин Алтун. 5-сентябрь, 2025-жыл. (ТИМдин сүрөтү)

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев 3-сентябрда бул өлкөнүн адам укуктары жана теңдик комитетинин башчысы Фахреттин Алтун менен жолукту. Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 5-сентябрда таратты.

Жолугушууда тараптар адам укуктарын коргоо, теңдик принциптерин илгерилетүү жана дискриминацияга жол бербөө маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Түркияда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуу эки өлкөнүн ортосундагы комплекстүү алаканы өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экендиги баса белгиленди.

Фахреттин Алтун өзү жетектеген комитет Кыргызстандын тиешелүү органдары менен кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө даяр экендигин ырастады.

Элчи Руслан Казакбаев тыгыз кызматташтыкты орнотуу максатында Фахреттин Алтунду Кыргызстанга иш сапар менен келүүгө чакырды.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 32 миңден ашык кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү кыз-келиндер. Бул өлкөдө кыргызстандык кыз-келиндер зомбулукка кабылган, киши колдуу болгон учурлар катталган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG